Литва Республикасы
ЛИТВА. Литва Республикасы Европанын түндүк-батышында, Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан мамлекет. Аймагы — 65,2 миң км². Башкы шаары - Вильнюс (553 миң), башка ири шаарлары: Каунас (374 миң), Клайпеда (190 миң), Шяуляй (146 миң), Паневежис (119 миң). Административдик-аймактык бөлүнүшү - 10 уезд. Калкы - 3428 миң (2005 ж.), анын ичинде литвалыктар - 83,5%, поляктар - 6,7%, орустар - 6,3%, белорустар - 1,2%, украиндар - 0,7%. Расмий тили - литва тили. Дин - калктын көпчүлүгү католицизмди