Анын кандидатурасын президент Садыр Жапаров сунуштаган.
Бул маселе боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары төмөнкүдөй болду: 77 депутат чечимди колдосо, 1 депутат каршы чыкты.
Гульзат Исаматова 1983-жылдын 21-апрелинде төрөлгөн.
Билими:
- 2005 — Бишкек гуманитардык университети К.Карасаевдин атындагы;
- 2011 — КР Сырткы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы К.Дикамбаевдин атындагы, аспирантура;
- 2014 — КР Сырткы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы К.Дикамбаевдин атындагы;
- 2014 — КР өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академия, магистратура;
- 2022 — Бишкек мамлекеттик университети К.Карасаевдин атындагы.
Гульзат Исаматова саясий илимдер боюнча кандидат (2023) жана «Саясат таануу» адистиги боюнча доцент (2025). Ал чыгыш таануу, кытай тили, саясат таануу, эл аралык мамилелер жана педагогика тармактарында билимге ээ.
Тилдик жөндөмдөр: кыргыз, орус, англис, кытай.
Кесиптик тажрыйба:
- 07.09.2005 – 11.02.2006 — Бишкек гуманитардык университетинин Кытай факультетинде окутуучу;
- 02.04.2008 – 08.02.2011 — КР Сырткы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында эл аралык мамилелер бөлүмүнүн начальниги;
- 09.02.2011 – 14.05.2012 — Кыргыз улуттук университетинде, Кыргыз-Кытай институтунда жогорку окутуучу;
- 01.11.2011 – 16.01.2013 — Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында эл аралык мамилелер бөлүмүнүн орун басары жана Конфуций классынын директору;
- 10.01.2013 – 03.12.2021 — Бишкек мамлекеттик университетинин Конфуций институтунун директору;
- 03.12.2021 – 01.03.2023 — Бишкек мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча проректору;
- 01.03.2023 – 05.02.2024 — Бишкек мамлекеттик университетинин кытай филологиясы кафедрасында доценттин милдетин аткаруучу;
- 06.02.2024 – 18.03.2024 — Билим берүү жана илим министрлигинде министрдин кеңешчиси;
- 06.02.2024 – 19.03.2024 — Бишкек мамлекеттик университетинин Конфуций институтунун директору;
- 19.03.2024 – 24.12.2025 — Бишкек мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер жана инвестициялар боюнча проректору;
- 24.12.2025тен тартып — илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу.