Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бул рейтинг университеттердин социалдык жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө, «жашыл» инфраструктураны өнүктүрүүгө, инклюзивдүүлүктү колдоого, ошондой эле башкаруунун сапаты жана социалдык жоопкерчиликти баалоо үчүн арналганын билдирди.
Танылган мекемелердин арасында:
- Халык аралык программаларды жана экологиялык инициативаларды активдүү ишке ашырып, туруктуу кампустарды түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жаткан Кыргыз-Түрк «Манас» университети;
- Энергияны үнөмдөөчү технологияларды, санариптештирүүнү жана заманбап инженердик ыкмаларды киргизип жаткан И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети;
- «Жашыл» инфраструктураны кеңейтүүгө жана туруктуу өнүгүү практикаларына байланыштуу социалдык долбоорлорду ишке ашырууга көңүл буруп жаткан Ош мамлекеттик университети (ОшГУ).