
Илим, жогорку билим жана инновациялар министри Бактияр Орозов мамлекеттик жана муниципалдык кызматка байланыштуу этикалык нормаларды бузганы үчүн өз милдеттеринен бошотулду. Тийиштүү жарлык президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлду.
Маалымат үчүн, Орозов 2025-жылдын 15-майында министр болуп дайындалган.