Бишкекте Кыргызстан жана Казакстан журналисттеринин «Ала-Тоо: жоголуп бараткан муздардын артынан» фильминин сунуштамасы болду
26-февралда Бишкекте «Ала-Тоо: жоголуп бараткан муздардын артынан» аттуу документалдык фильмдин премьерасы өттү. Фильм эки өлкөнүн журналисттеринин кызматташтыгынын натыйжасы болуп, анын жаралышына Бишкектен Мунара Боромбаева жана Алматыдан Мадина Ашилова катышты. Режиссёрдук дуэтти Боромбаева жана Ашилова түздү, ал эми редакторлор катары Анархан Алтымышова (Кыргызстан) жана Калимаш Бегалиева (Казахстан) иштешти.