Бул комитеттин түзүлүшү 2024-жылы эки мамлекет арасында кол коюлган климаттык кызматташтык боюнча келишимдин негизинде мүмкүн болду. Жаңы органдын секретариаты катары Кабинет министринин алдындагы Климаттык финансылык борбор дайындалды. Бардык профильдик министрликтер жана ведомстволор комитетке керектүү колдоо көрсөтүүгө милдеттүү.
Климат боюнча Биргелешкен комитеттин кыргыз делегациясынын курамы
- Кыргыз Республикасынын табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары, экология жана климат боюнча мамлекеттик саясатка жооптуу (кыргыз тараптан теңтөрага);
- Кыргыз Республикасынын каржы министринин орун басары, мамлекеттик инвестициялардын алкагында тышкы финансылык жана техникалык жардам боюнча маселелерге жооптуу;
- Кыргыз Республикасынын экономика жана соода министринин орун басары, жашыл экономика боюнча саясатты көзөмөлдөгөн;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Республика Кореядагы өзгөчө жана ыйгарым укуктуу элчиси;
- Кыргыз Республикасынын Кабинет министринин алдындагы Климаттык финансылык борбордун директору.