Жергиликтүү ишкерлер менен сүйлөшүүлөр үчүн Кыргызстанга 40тан ашык кытай компанияларынын өкүлдөрү келишти

– КР менен биргеликте биз ар бир өлкөнүн табигый ресурстары жана өнүгүү тенденциялары боюнча байланыш табууга аракет кылабыз. Шаньси провинциясы Кытайдын негизги энергетикалык провинциясы экенин белгилеп кетким келет. Ошондой эле бизде көмүр казуу жана цемент өндүрүү боюнча потенциал бар. Мындан тышкары, Кыргызстан менен туристтик жана маалыматтык кызматташтыкты сунуштайбыз, – деди Сунь Юэйцзинь.
Шаньси провинциясынын Соода департаментинин директору кытай бизнесмендери Улуу Жибек жолундагы бардык өлкөлөр менен кызматташтыкты орнотууну каалаарын белгиледи. Анын айтымында, алар айыл чарба секторунда, ошондой эле энергетика жана оор өнөр жай тармактарында биргелешип иштөөдө өзгөчө кызыкдар.
Белгилей кетсек, кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында 26-августта «Иссык-Куль – 2015» Экинчи экономикалык форуму ишин баштады. Ага Россия, Кытай, Казакстан, Түркия, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү, дипломаттар жана бизнесмендер катышууда. Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин айтымында, форумдун алкагында чет өлкөлүк инвесторлор менен 20дан ашык келишимдерге кол коюу пландалууда.
– Биринчи форум өткөрүлгөндөн бери бир жыл өттү, ал убакыт ичинде биздин өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр болду. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кириши эң маанилүү окуялардын бири болду. Бул кадам биримдикке катышкан өлкөлөрдүн биргелешкен өнүгүшү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Кыргызстанда иш алып барган чет өлкөлүк инвесторлор жана бизнесмендер үчүн жалпы базарга чыгуу мүмкүнчүлүгү пайда болду, анын жыйындысы 170 миллион адамды түзөт, – деди Сарпашев.