

Баткен облусунун Кадамжай районунда, Майдан айыл аймагында «Базарбай ата» кичи гидроэлектр станциясынын курулушу аяктады, бул тууралуу жергиликтүү администрациядан билдиришти.
Ачылышына Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, район акими Болоткан Баяке уулу жана жергиликтүү тургундар катышты.
Станциянын биринчи агрегаты ишке киргизилип, толук кубаттуулукта иштеп жатат.
ГЭСтин кубаттуулугу саатына 200 кВт, ал эми жалпы орнотулган кубаттуулугу 600 кВтга жетет.
Объектти куруу үчүн жеке инвестор 8 миллион сом инвестициялады, ал эми Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду ошондой эле 8 миллион сом өлчөмүндө кредит берди.
ГЭСтин ачылышы региондогу электр энергиясынын жетишсиздигин кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет жана 10 адамга жумуш орундарын түзөт. ```