
2025-жылга салык чогултуу боюнча максат 268 миллиард сомду түзөт.
Мамлекеттик салык кызматынын сайтында жайгаштырылган маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн реформалар жана эффективдүү иштин натыйжасында быйылкы жылдын 11 айында 275 миллиард сом салык чогултулду, бул пландалган деңгээлден ашып түштү.
Маалыматта жаңы салык категориялары азырынча киргизилбегени баса белгиленет. Анын ордуна, ишкерлерди колдоо үчүн бир катар салык жеңилдиктери сунушталды, ал эми айрым ставкалар төмөндөтүлдү.
«Мисалы, зергерчилик тармагында сатуудан алынуучу салык мурда акчалай эсептөөдө 4% жана акчасыз эсептөөдө 2% болсо, азыр эки эсептөө түрү үчүн 0,25% га төмөндөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.
Сүрөт www