
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы «Учкун» ААК менен биргеликте, отунду белгилөө үчүн жооптуу, 2025-жылдын 1-декабрына чейин 2 млн 142,2 миң тонна бензин жана дизель отуну белгиленгенин билдирет.
2025-жылдын 11 айы ичинде ГСМ боюнча акциздик салык түшүмдөрү 3 млрд 736,7 млн сомду түздү.
2024-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда, акциздик салык түшүмдөрү 79 млн 607,7 миң сомго өстү.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-октябрынан баштап өлкөдө импорттолгон жана жергиликтүү бензин жана дизель отундарын молекулярдык маркерлерди колдонуу менен милдеттүү белгилөө киргизилди.
Ошондой эле 2025-жылдын 1-январынан баштап белгиленбеген бензин жана дизель отундарын сатууга тыюу салынат.
Бул белгилөө системасы ГСМдин мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүүгө, керектөөчүлөр үчүн отундун сапатын жакшыртууга жана акциздик салыкты башкарууну оптималдаштырууга багытталган.