
Социалдык фонд 2025-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Мамлекеттик жыйноочу пенсиондук фонддун (МЖПФ) инвестициялык активдүүлүгү боюнча отчетун сунуштады.
2025-жылдын 11 айы ичинде МЖПФ жалпы 20 миллиард 880 миллион сомдук инвестицияларды ишке ашырды, алар төмөнкү категорияларга бөлүнгөн:
- Мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) — 10 937,8 млн сом
- МБК боюнча киреше 12,86% дан 16% га чейин жылдык деңгээлде өзгөрүп турган.
- Коммерциялык банктардагы депозиттик салымдар 4 955 млн сомду түздү
- Каржылар 12 жана 18 айлык мөөнөттөргө жайгаштырылды
- Депозиттер боюнча киреше 12,1–14,8% жылдык деңгээлде болду.
- Жергиликтүү эмитенттердин акцияларына болгон инвестициялар 4 987,2 млн сомду түздү.
- МБКдан алынган киреше — 5 266,7 млн сом;
- депозиттер боюнча пайыздык киреше — 813,2 млн сом;
- калдыкка эсептелген пайыздардан алынган киреше — 35,9 млн сом;
- башка кирешелер — 0,4 млн сом.