
Өсүүнүн негизги факторлоруна кен казуу, курулуш, өнөр жай жана маалыматтык технологиялар кирет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь айынан сентябрь айына чейин СНГга кирбеген өлкөлөрдөн Кыргызстанга болгон инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,9%га өскөн.
Эң чоң салымдарды Кытай, Түркия, Нидерландия жана Кипр өлкөлөрүнүн инвестициялары киргизди. Инвестициянын көлөмү боюнча лидер Кытай болду, ал жалпы келген инвестициянын 31,9%ын түздү. Андан кийин Түркия 15,8%, Нидерландия 8,0% жана Кипр 3,8% менен келе жатат.
Кытайдын инвестициялары негизинен кен казуу жана кайра иштетүү өнөр жайына, атап айтканда, негизги металдарды, металлдан жасалган буюмдарды, резинотехникалык жана пластикалык продукцияларды өндүрүүгө, ошондой эле геологиялык изилдөөлөргө жана курулуш долбоорлоруна багытталган.
Түркиянын инвестициялары кен казуу тармагына жана кайра иштетүү өндүрүшүнө, анын ичинде тамак-аш жана ичимдиктерди өндүрүүгө, ошондой эле резинотехникалык жана пластикалык буюмдарды өндүрүүгө, финансылык делдалдыкка жана камсыздандырууга багытталган.
Нидерландиядан келген инвесторлор негизинен маалыматтык технологияларга жана байланыштарга, ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайына, анын ичинде тамак-аш жана ичимдиктерди өндүрүүгө инвестиция салып жатышат.
Кипрден келген инвестициялар кайра иштетүү өндүрүшүнө, атап айтканда, резинотехникалык жана пластикалык буюмдарды чыгарууга багытталган.
Ошол эле учурда, 2025-жылдын биринчи тогуз айында СНГ өлкөлөрүнөн келген түз чет элдик инвестициялардын көлөмү 2,7%га төмөндөгөн. Бул төмөндөө негизинен Азербайжан, Өзбекстан жана Россиядан келген инвестициянын азайышы менен байланыштуу.
Сүрөт www