


Акыркы жылдарда, айрыкча Садыр Жапаровдун президенттиги учурунда, мамлекеттик бюджеттен жол-транспорт секторун каржылоодо кыйла көбөйүү байкалууда. Мамлекет боюнча ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.
Транспорт жана байланыш министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы беш жылда авто жолдорду асфальттоо көлөмдөрү кыйла өстү. Айрыкча, кийинки жылдарда төмөнкү көрсөткүчтөргө жетишилди:
- 2021-жыл — 175 км;
- 2022-жыл — 488,4 км;
- 2023-жыл — 673,8 км;
- 2024-жыл — 802 км;
- 2025-жыл — 1545 км.
Ведомствонун белгилөөсү боюнча, жол-транспорт тармагындагы мындай жогорку натыйжалар материалдык-техникалык базаны туруктуу бекемдөөнүн натыйжасында жетишилет. Сатып алынган техниканын көлөмдөрү жыл сайын көбөйүп, өлкөнүн аймактарына бөлүштүрүлөт. ```