
Уч-Курган ГЭСте гидроагрегат №2нин модернизациясы алкагында демонтаждоо иштеринин активдүү фазасы башталды.
Энергетика министрлигинен алынган маалыматка ылайык, жалпы подрядчы, China National Electric Engineering Company компаниясы демонтаждоо үчүн даярдык иштерин 1-февралга чейин аяктаган. Проектке 65 адистен турган команда жана зарыл техникалар катышууда.
10-февраль агрегатты кабыл алгандан кийинки иштердин башталган күнү болуп, алар үзгүлтүксүз уланууда. 16-февралга карата генератордун роторун демонтаждоо жана көтөрүү ийгиликтүү аякталды, ал эми ротор менен статорду бөлүү иштери уланууда. Генератордун демонтаждоо иштерин 22-февралга чейин аяктоо пландалууда, ал эми гидроагрегат №2 боюнча бардык иштер марттын башына чейин аякталышы керек. Бардык иштер так график боюнча жүрүүдө.
Ошол эле учурда жаңы жабдууларды даярдоо иштери жүрүүдө: жаңы генератордун статору жыйналды жана зарыл электр тесттеринен өттү, ал эми ротор 50% даяр.
Бул проект энергетика секторун модернизациялоо боюнча мамлекеттик программанын бир бөлүгү болуп саналат, аны президент Садыр Жапаров стратегиялык артыкчылык катары белгилеген. Модернизация аяктагандан кийин станциянын ишенимдүүлүгү жана кубаттуулугу кыйла жогорулайт деп күтүлүүдө.