
КАРИКОМ өзүнүн инициативасынын алкагында расмий кечирим сурап гана тим болбостон, билим берүү программаларын, карыздарды жоюу жана финансылык компенсацияларды сунуштоодо. Ошол эле учурда Африка биримдиги өзүнүн репарация программасын иштеп чыгууда.
Анткен менен, бул тема Европада терс реакцияларды жаратууда. Агенттик көптөгөн европалык лидерлер репарация маселесин талкуулоого каршы экенин белгилеп, азыркы мамлекеттер өткөндүн алыс окуялары үчүн жоопкерчилик тартпашы керек деп эсептешет. Британиянын премьер-министри Кир Стармер «келечекке карап» репарациялар боюнча «токтото бербеген талаштардан» качууну сунуштады.