
ААК «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» колдонуучуларга акылдуу эсептегичтер үчүн кошумча төлөм талап кылынбай турганын билдирди:
Жакында социалдык тармактарда акылдуу эсептегичтердин иши тууралуу туура эмес маалыматтар пайда боло баштады.
Жарияланган маалыматтарга ылайык, эгер абонент орнотулган кубаттуулукту ашырып кетсе, акылдуу эсептегич өчөт. Аны кайрадан күйгүзүү үчүн бардык жабдыктарды өчүрүп, эсептегичтеги кнопканы басуу керек — андан кийин ал кайра иштей баштайт. Ошол учурда эч кандай кошумча төлөм талап кылынбайт!
«170 сом төлөнөт» деген маалымат чындыкка дал келбейт.
ААК «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» бардык адамдарды расмий булактарга жана текшерилген маалыматка гана ишенүүгө чакырат.