
Шыкмаматов ошондой эле орус тараптын чек арада контролду күчөтүп жатканын, бул кырдаалды оорлотуп жатканын кошумчалады. Бул маселе өлкө президентинин тыкыр көзөмөлүндө. Азырынча бардык детальдарды ачыктоо мүмкүн эмес, бирок ал кырдаалдын оң чечиле турганына ишенерин билдирди.
Салык кызматынын төрагасынын айтымында, учурдагы көйгөйлөр комплекс түрүндө каралууда.