
Кыргыз Республикасында «Манас» эпосунун башкы каармандарынын аттарын колдонууга байланыштуу жаңы эрежелер бекитилди. Бул чечим өкмөт башчы Адылбек Касымалиев тарабынан кол коюлду, деп билдиришти өкмөттүн маалымат кызматынан.
Документ «Манас» эпосунун башкы каармандарынын аттарын, ошондой эле алардан алынган сөздөрдү жана фразаларды товар белгилеринде, юридикалык жактардын аталыштарында жана кызмат көрсөтүү белгилеринде колдонууга жөнгө салуучу укуктук регламентти орнотууга багытталган. Ошондой эле, бул аттарды колдонууда жооптуу жана туура мамиле кылууну камсыз кылуу, моралдык нормаларга ылайык келүү максаттардын бири болуп саналат.
Бул токтомдун негизги максаттарына каармандардын аттарын колдонуу үчүн шарттарды жана чектөөлөрдү аныктоо, этикалык стандарттарды жана мамлекеттик тилдин талаптарын сактоо кирет.