МВД кызматкерлери Бишкек–Ош автожолундагы салмак-өлчөм постторунун кызматкерлерин пара алуу боюнча кармашты

Марина Онегина Өзгөчө
VK X OK WhatsApp Telegram

Текшерүү учурунда кызмат адамдары айдоочулардан уруксат берилген салмакты ашырып өтүү үчүн пара алып тургандыгы аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, аталган посттордон күн сайын 150дөн 200гө чейин жүк ташуучу унаа өтүп турган.

Бул окуяларга байланыштуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш ишин козгоду.

ГУУР ИИМ кызматкерлери пара алып жаткан жүк өлчөө постунун кызматкерлерин кармашты. Арасында А.З. 1991-ж.т., С.У. 1981-ж.т., А.А. 1998-ж.т., А.Р. 1994-ж.т., М.М. 1979-ж.т., Т.Т. 1973-ж.т. жана А.Б. 1994-ж.т. болгон жарандарга камакка алуу чарасы тандалды.

ИИМ кызматкерлери пара алуу учурунда жүк өлчөө постунун кызматкерлерин кармашты














Учурда тергөө иштери уланууда.
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: