Көрсөтүлгөн суммадан 73,4 миллиард сом пайдалы казыналарды казып алууга туура келет, бул жалпы көлөмдүн болжол менен 9,2% ын түзөт.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, казып алуу секторуна эң чоң салымды металл рудасын казып алуу киргизди, анын көлөмү жыл ичинде 51,3 миллиард сомдон ашты. Ошондой эле таш жана бурый көмүрдү казып алуу да маанилүү өсүштү көрсөттү.
2025-жылдын январь айынан декабрь айына чейинки аралыкта пайдалы казыналарды казып алуунун физикалык көлөмүнүн индекси 114,2% түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда реалдуу өндүрүштүн өсүшүн көрсөтөт.
| Өнөр жай продукциясы — бардыгы | 799 740 557,4 | 100 |
| Пайдалы казыналарды казып алуу — бардыгы | 73 355 822,2 | 9,2 |
| Таш жана бурый көмүрдү казып алуу | 11 249 541,6 | 1,4 |
| Чийки мунай жана табигый газды казып алуу | 7 811 450,1 | 1 |
| Металл рудасын казып алуу | 51 333 206,7 | 6,4 |
| Башка пайдалы казыналарды казып алуу | 2 882 286 | 0,4 |