Банктар секторундагы чет элдик капиталдын үлүшү азайды: учурда ал 16,5% (же 26,7 миллиард сом) түзөт, ал эми 2024-жылдын аягында бул көрсөткүч 28% (же 21,6 миллиард сом) болгон.
Капиталдын жетиштүүлүк жана леверидж көрсөткүчтөрү кыйла жакшырды жана минималдуу белгиленген талаптарды ашып өттү:
- жыйынды капиталдын жетиштүүлүк коэффициенти — 27,7% (2024-жылдын аягында — 22,0%) 12,0% нормасына карата;
- леверидж коэффициенти — 14,4% (2024-жылдын аягында — 11,4%) 6,0% нормасына карата.
- Банктар системасынын ликвиддүүлүгү да өсүштү көрсөттү:
- ликвиддүүлүк коэффициенти — 86,1% (2024-жылдын аягында — 73,1%) 45,0% нормасына карата.
Рентабельдүүлүк бир аз төмөндөгөн:
ROA 4,1% түздү (2024-жылдын аягында — 4,3%);
ROE 27,7% га төмөндөгөн (2024-жылдын аягында — 32,5%).
Каржылык ортомчулук иши (ИЧП боюнча) жакшырды:
активдер/ИЧП — 64,4% (2024-жылдын аягында — 53,5%);
кредиттер/ИЧП — 26,7% (2024-жылдын аягында — 22,4%);
депозиттер/ИЧП — 44,8% (2024-жылдын аягында — 38,9%).