
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө Нипах вирусу менен ооруу учурлары катталган эмес. Эпидемиологиялык кырдаал санитардык-эпидемиологиялык кызматтар тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.
Өлкөнүн медициналык мекемелери инфекцияны эрте аныктоо, бейтаптарды изоляциялоо жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу боюнча көрсөтмөлөрдү алышты.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) жана эл аралык өнөктөштөр менен эпидемиологиялык кырдаал боюнча маалымат алмашуу жана профилактикалык аракеттерди координациялоо үчүн активдүү кызматташууда, расмий билдирүүдө айтылгандай.