
ГУВДнын маалыматы боюнча, алдамчылар жабырлануучуну алдоо жолу менен анын атынан террордук уюмдарга акча которулгандыгын ишенүүгө мажбурлашкан, кылмыш жоопкерчилиги менен коркутушкан. "Кылмыш куугунтугунан коргоо" жана "каражаттын коопсуздугу" деген шылтоо менен, алар Л.Т.га психологиялык басым жасап, кандай финансылык операцияларды жүргүзүү керектигин көрсөтүшкөн.
Натыйжада жабырлануучу, батирин сатууга мажбур болуп, 10 600 000 (он миллион алты жүз миң) сомду алдамчылардын эсептерине которгон.
Кийинчерээк, аталган адамдар алдамчы экени аныкталды, бул жабырлануучуга олуттуу материалдык зыян келтирди.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын ГУВДсынын кызматкерлери шектүүлөрдүн жеке жактарын жана жайгашкан жерлерин аныктоого жетишишти.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 2000-жылы туулган А.К., 2004-жылы туулган С.Н. жана 2004-жылы туулган Б.А. кармалып, Бишкек шаарынын ГУВДсынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана башка мүмкүн болгон катышуучуларды табуу үчүн оперативдик жана техникалык иш-чаралар улантылууда.
Эскертүү, борбордун тургундары жана коноктору!
Бишкек шаарынын ГУВДсы укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана Улуттук банк өкүлдөрү телефон аркылуу акча которууну же мүлк сатууну эч качан талап кылбай турганын эскертет. Эгер ушундай телефон чалуу болсо, дароо сүйлөшүүнү токтотуп, жакынкы ички иштер бөлүмүнө же 102 номерине кайрылыңыз.