Жогорку Кеңеш биринчи окууда ЕАЭБ келишимине өзгөртүүлөр жөнүндө протоколду кабыл алды
Министрлер кабинетинин төрагасы аталган мыйзам долбоорунун демилгечиси болду. Экономика жана соода министринин орун басары Султан Ахматов сунушталган өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.
Киргизилген өзгөртүүлөр мыйзамды колдонуу практикасынын жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жоюу, ошондой эле Биримдик келишиминде колдонулган терминдерди тактоо максатын көздөйт. Мындан тышкары, Евразия экономикалык комиссиясын Евразия экономикалык биримдигинин ички рыноктогу тоскоолдуктарды квалификациялоо үчүн методологияны бекитүү жана тоскоолдуктар менен чектөөлөрдү жоюлган деп таануу боюнча ыйгарым укуктар менен камсыз кылууну сунуштайт.
Дагы окуңуз:
Кыргыз Республикасынын "Туризм жөнүндө" мыйзамы
г.Бишкек 25-март 1999-жыл N 34 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЗМЫ Туризм жөнүндө...
Без изображения
Жогорку Кенеш 100% НБКРдин пайдасын бюджетке өткөрүү тууралуу конституциялык мыйзамды үч окууда кабыл алды
- 2026-жылдын 4-февралында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын «Кыргыз...
Кыргыз Республикасынын Маданият жана Туризм министрлигинин Жобосу
Бекитилди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралына карата N 120...
Кыргызстанга кирүү, туруу жана транзиттик өтүү талаптары
Кирүү, жүрүү жана транзиттик өтүү талаптары Виза маселелери: Ар кандай өткөрмө пункттары аркылуу...