
Мамлекет башчысы бул чечим өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кабыл алынганын билдирди
Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагозов Камчыбек Ташиевдин УКМКнын төрагалыгынан кеткенин комментарийлеп өттү.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров мындай деди:
"Мен бул чечимди, биринчи кезекте, биздин мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кабыл алдым, коомдо бөлүнүүлөрдү, мамлекеттик структуралар арасында келишпестиктерди болтурбоо үчүн жана, тескерисинче, биримдикти бекемдөө үчүн," - деди Алагозов президенттин сөздөрүн айтып.
Белгилей кетсек, бүгүн президент Камчыбек Ташиевди өкмөт башчынын орун басары жана УКМКнын төрагалыгынан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду.
УКМКнын убактылуу төрагалыгына Жумгалбек Шабданбеков дайындалды.
Сүрөт www