
Энергетика министрлиги Бишкек электр тармактары ишканасы тарабынан маанилүү иштер аткарылганын билдирет.
2025-жылы өлкөнүн борборунда калкы көп жана керектөөчүлөрдүн саны өсүп жаткан райондордо жайгашкан жети подстанциянын кубаттуулугу жогорулатылды:
• ПС 110/10 кВ «Көк-Жар» — 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВАга алмаштырылды;
• ПС 110/10 кВ «Орто-Алыш» — 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВАга алмаштырылды;
• ПС 110/10 кВ «Алтын-Казык» — 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВАга алмаштырылды;
• ПС 110/10 кВ «Берлик» — 16 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 25 МВАга алмаштырылды;
• ПС 110/10 кВ «Водоканал» — 6,3 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 16 МВАга алмаштырылды;
• ПС 110/10 кВ «Карагачевая» — 4 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 6,3 МВАга алмаштырылды;
• ПС 110/10 кВ «Нижняя-Ала-Арча» — 4 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 6,3 МВАга алмаштырылды.
Бул иш-чаралар электр тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кыйла жогорулатты жана керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жакшыртты.
2026-жылга дагы эки подстанциянын кубаттуулугун жогорулатуу пландалууда:
• ПС 110/6 кВ «Кызыл-Аскер» — 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВАга алмаштырылат;
• ПС 35/6-10 кВ «Центральная-3» — 6,3 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 16 МВАга алмаштырылат.
Иштер каскаддык принцип боюнча жүргүзүлдү, бул электр тармак комплекси үчүн ишенимдүүлүктү жогорулатууга жана калк үчүн туруктуу электр энергиясын камсыздоого жардам берет.
Акыркы жылдарда Бишкекте жаңы турак жай комплекстерин, өндүрүш жана социалдык объектилерди куруу активдүү жүргүзүлүп жатат, бул электр тармактарына жүктөмдүн жогорулашына жана трансформаторлорду модернизациялоонун зарылдыгына алып келет. Бул иш-чараларды ишке ашыруу электр тармагынын туруктуулугун жакшыртууга жана шаар тургундары менен уюмдары үчүн сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын камсыздоого жардам берет, деп белгилейт Энергетика министрлиги.