Нарын районунда «Кыз-жигит сармердени» конкурсуна финал өттү
Нарын районунда, Муса Баэтов атындагы Маданият үйүндө, кыргыз элинин маданий мурастарынын маанилүү бөлүгү болгон «Кыз-жигит сармердени» салттуу оюнунун финалдык этабы өттү. Иш-чаранын салтанаттуу ачылышы куттуктоо сөздөрү менен башталды, андан соң көрүүчүлөргө «Манас» эпосу тартууланды, андан кийин жигиттер менен кыздардын ортосунда чыгармачылык сынак башталды.