
Мыйзам долбоорлорун талкуусуз кабыл алуу боюнча сунушту депутат Улан Примов киргизди.
Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин кезексиз жыйынында алдын ала талкуусуз эки маанилүү мыйзам долбоору кабыл алынды.
Депутат Улан Примов процессин созбой, мыйзам долбоорлорун үч окууда дароо кабыл алууну сунуштады, анткени алар парламенттин пленардык жыйынында дагы талкууланат.
Натыйжада, комитеттин депутаттары «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2025-жылга жана 2026–2027-жылдарга пландалган мезгилине карата бюджети жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2026-жылга жана 2027–2028-жылдарга пландалган мезгилине карата бюджети жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү бекитишти.
Сүрөт www