ЕЭК комитети ЕАЭСтин айыл чарба машина куруу тармагын карап чыгууну жана тармактык сунуштар долбоорун бекитти
27-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын жетекчилиги алдында өнөр жай боюнча Консультативдик комитеттин жыйыны өттү. Иш-чарага союзга катышкан өлкөлөрдүн тиешелүү министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү катышты.