Кызыл-Кыя шаарында наркотиктерди сатуу каналы токтотулду: эки жаш жигит кармалды
Кызыл-Киеде «Притон» деп аталган оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө, мыйзамсыз наркотиктерди айлантууга шектелген эки жаран кармалды. Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка ылайык, 2026-жылдын 2-мартынан тарта региондо атайын операция өткөрүлүп, натыйжасында гашиш сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун иши токтотулду.