
Республикалык гемоконтакттык вирустук гепатиттер жана ВИЧ боюнча контролдоо борборунун клиникалык эксперти Улан Сарымсаков 2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстандагы вирустук гепатиттер боюнча актуалдуу маалыматтарды бөлүштү.
Анын маалыматы боюнча, изилдөө 2022-жылы башталган. Гепатит B вирусун текшерүү үчүн 1 140 946 адам текшерилген, алардын ичинен 37 946 (3,33%) оң жыйынтык алган. Гепатит C вирусуна анализ 1 137 130 адамдан алынган, оң жыйынтыктар 11 035 (0,97%) адамда аныкталган.
Мындан тышкары, 2024-2025-жылдар аралыгында гепатит D вирусуна 26 925 адам текшерилген, алардын ичинен 919 (3,4%) оң жыйынтык алган.
Улан Сарымсаков гепатит B вирусу менен эсепте 19 325 адам бар экенин, алардын 5 439у дарыланууда экенин белгиледи. Гепатит D вирусу боюнча эсепте 3 363 адам турат, алардын 2 674ү терапия курсун өтүүдө. Гепатит C вирусу боюнча болсо, эсепте 10 862 адам бар, алардын 6 890ы зарыл болгон дарылоону алып жатат.
Адистин гепатит B вирусуна каршы вакцинация маселесине өзгөчө токтолду. Ал биринчи доза вакцинасын 312 447 адам алганын билдирди. Экинчи дозаны 256 144 адам алды, бул биринчи доза менен вакциналанган адамдардын 82%ын түзөт. Үчүнчү дозаны 191 883 адам алды, бул экинчи вакцинациядан өткөндөрдүн 75%ын түзөт.