
Марокконун батышындагы селдерден 37 адам каза болду. Бул тууралуу TanjaNews басылмасы жергиликтүү бийликтердин маалыматына таянып билдирди. Буга чейин 20 курмандык тууралуу маалымат болгон.
Ошондой эле 14 адам медициналык көзөмөлдө турат. Издөө жана куткаруу иштери уланууда.
Күчтүү жамгырлардан улам болгон селдер 14-декабрда Сафи жээгиндеги провинцияда башталды. 70тен ашык үй жана дүкөн, ошондой эле бир нече жолдор жабыркады.