
Дмитрий Песков Путиндин диалогго даяр экенин 21-декабрда таң эртең жарыяланган интервьюда белгиледи. «Макрон Путин менен сүйлөшүүнү каалаганын билдирди, жана Россия президенти буга чейин түз байланыш аркылуу сүйлөшүүгө даяр экенин белгилегенин эске алуу маанилүү», — деп кошумчалады ал.
Мындан кийин Макрондун администрациясы Москва тарабынан сунушталган инициативаны кубаттап, жакынкы күндөрдө кийинки кадамдарды уюштуруу боюнча чечим кабыл аларын билдирди.
Елисей сарайында ошондой эле Россия менен болгон сүйлөшүүлөр Украина президенти Владимир Зеленский жана европалык өнөктөштөр үчүн «толук ачыктык» шартында өтөөрү баса белгиленди.
Эскерте кетсек, 19-декабрда Макрон Путин менен диалогду жаңыртуунун маанилүүлүгүн белгилеп, европалыктар жакынкы жумада бул үчүн жолдорду таба алат деген үмүтүн билдирди.
Акыркы үч жылда Макрон менен Путиндин ортосундагы биринчи телефон сүйлөшүүсү июлда болуп, анда Украинадагы аскердик аракеттер жана Иран менен Израилдин ортосундагы конфликт талкууланды. Ошондон бери жаңы байланыштар тууралуу маалымат берилген жок.