
Социалдык тармактарда Кувейтте жоокер учактардын кулаган учурларынын бирин тарткан видео пайда болду. CNN геолокация жүргүзүп, жазуу 10 километр аралыкта америкалык Аль-Салем авиабазасынан тартылганын аныктады.
Башка кулаган жоокер учактарынын жайгашкан жери азырынча ачыкка чыгарылган жок.
28-февралдан бери Иран АКШнын союздаштарына, анын ичинде америкалык ВВСнин чоң базасы жайгашкан Кувейтке кол салууларды жүргүзүп жатат.