
Шаардын коммуналдык кызматтары кар жааган соң дароо күчөтүлгөн режимде ишке киришти. Акимчиликтен билдиришкендей, алар муз катмарынын пайда болушун алдын алууга жана көчөлөрдө коопсуз кыймылды камсыз кылууга аракет кылышууда. Бул процесске 75 оперативдик бригада, 2 710 жол жумушчусу жана 1 225 атайын техника катышууда. Карды жана музду тазалоо иштери магистралдык көчөлөрдө, тротуарларда, аялдамаларда, үстүңкү жөө өтмөктөрдө, баскычтарда жана пандустарда жүргүзүлүүдө.
Синоптиктер 11-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөй турганын, абанын температурасы -6-8°С чегинде болуп, андан ары төмөндөшү мүмкүн экенин болжолдошууда.