Улуу Британияда Эпштейн боюнча мурдагы ханзада Эндрю кармалды
Кармалуу операциясы ханзаада Эндрюдун Сандрингемдеги резиденциясында өттү. 66 жаштагы Эндрю кызматтык кылмыш жасаган деген шек менен кармалды. Мурда укук коргоо органдары Эндрю ханзаадан Жеффри Эпштейнге өкмөттүк документтерди өткөрүп берүү боюнча прокуратура менен консультация өткөргөндүгү тууралуу маалымдаган. Учурда полиция келген маалыматты кылмыштын белгилери жана кошумча тергөө жүргүзүү зарылдыгы боюнча талдап жатат.