Маалыматтар боюнча, бул райондо узак убакыттан бери Кыргызстан жана Өзбекстандын жарандарынын түзгөн уюшкан кылмыштуу тобу иштеп келген. Бул топ бажы, салык жана чек ара мыйзамдарын бузуп, Фергана - Чон-Кара - Кадамжай маршруту аркылуу ар кандай товарларды контрабанда кылып келген.



Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыштуу топтун мүчөлөрү Өзбекстанда чоң көлөмдө рис сатып алышкан. Андан кийин алар аны Кадамжай районунан Чон-Кара анклавына өткөрүп, мыйзамсыз түрдө Кыргызстанда, айрыкча ак-Турпак айылдык аймагында сатышкан.
Учурда шектүүлөрдүн бири — Кыргызстан жараны М. Н. А. тергелүүдө, деп маалымдалган расмий билдирүүдө.