







КРнын ГКНБсы «Ысык-Ата» санаториясында туруктуу коррупциялык схеманы аныктады. Адистер мекеменин айрым кызматкерлери өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, дарылоо мекемесинин кызыкчылыгына каршы иш алып барышканын аныкташты. Алар көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн акчаларды системалуу түрдө өздөштүрүүнү уюштурушкан, бул болсо белгиленген финансылык процедураларга каршы келет.
Маалыматка ылайык, санаторий кызматкерлери, кардарлардын төлөм эрежелерин билбегенин пайдаланып, акчаны түздөн-түз алышкан, ошол эле учурда белгиленген терминалдар аркылуу төлөм жүргүзүлгөн эмес, ал эми бейтаптар тууралуу маалыматтар эсепке алуу журналдарына жазылган эмес.
Ошондуктан «Ысык-Ата» санаториясынын кызматкерлери - С.Э.С., Э.А.А., А.Г.О. жана А.у.О. өз күнөөлөрүн моюнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтирүүгө макул болушкан.
Учурда мамлекеттик медициналык мекемелердеги коррупциялык схемаларды аныктоо жана жоюу боюнча тергөө иштери улантылууда.