
Милиция массалык мушташтын катышуучуларын кармады
5-декабрда Бишкекте, Юнусалиев көчөсүндө, кафе ичинде бир нече адамдын катышуусунда окуя болду. Бул тууралуу Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Окуя тууралуу сигнал 102 номерине 01:46 чамасында түшкөн.
Текшерүү учурунда бир нече шектүүлөр кармалды: М.Т. (2004-ж.т.), И.А. (2006-ж.т.), А.Т. (2004-ж.т.), К.Т. (2006-ж.т.), К.Р. (2006-ж.т.) жана А.Д. (2006-ж.т.). Алардын бардыгы ИИБге жеткирилди, анда мушташтын фактысы катталып, журналга жазылды.
Сүрөт www