
Башкы шаардык тургуну Т.Б. милицияга кайрылып, мурдагы күйөөсү 2009-жылы төрөлгөн кызына зыян келтиргенин билдирген. Энесинин маалыматына ылайык, окуядан кийин кыз атасынын үйүнөн чыгып кеткен.
Ленин районунун ИИБнин сүрөтү
Бул окуя Ленин районунун ИИБнин автоматташтырылган системасына катталган. Учурда соттук-медициналык экспертизалар дайындалды, зарыл тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Кыз табылып, кайрадан энесине өткөрүлдү.
Шектүүнүн аракеттеринде административдик мыйзам бузуунун белгилери да аныкталды. 1989-жылы туулган Т.А. аталган райондун ИИБнин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тергөө иштери уланууда.