Азыркы учурда мындай катаал аба ырайында үй-бүлө убактылуу жашаган жайда, абалы өтө начар.
"Биздин үй-бүлө ушул үйдү курууга сегиз жыл жумшады. Бул убакыттын ичинде биз Россияда иштеп, акча чогултуп, ыңгайлуу үй курууну пландаштырдык. Бул жөн гана имарат эмес, биздин эмгегибиздин символу жана Кыргызстанда туруктуу жашоого болгон үмүтүбүз эле", - деди Гульзина.Ал өрт 11-декабрда таңкы 4-5тер чамасында болгонун белгиледи.
"Биз үйдү ыңгайлуу кылып жасоо үчүн үй буюмдарын жана мебель сатып алууну кредитке пландаштырганбыз, акырындык менен төлөп беребиз деп ойлогонбуз", - деп кошумчалады Гульзина.Аял азыркы учурда анын негизги өтүнүчү үйдү, жок дегенде калган бөлүгүн калыбына келтирүү экенин, чатырын жабуу жана жашоого жарактуу абалга келтирүү керектигин белгиледи, анткени ал балдары менен кайра кайтып келиши керек. Учурда болгону дубалдар калды, чатырсыз жана жашоого керектүү шарттарсыз.
"Бизге кандай гана жардам болсо, курулуш материалдары же финансылык колдоо болобу, ыраазы болобуз. Бул биздин туулган үйгө кайтып келүү жана кооптуу шарттардан качуу мүмкүнчүлүгүбүз", - деп жыйынтыктады Гульзина Олжобаева.Жардам үчүн реквизиттер: MBANK - 0501 662 266 Гульзина О., "О!Банк" - 0501 662 266 Гульзина О., "Сбербанк" - +7 963 188 28 45 Гульзина О.