

Тергөө маалыматтарына ылайык, Джунусалиев ГКНБ менен болгон байланыштарын пайдаланып, бир компаниянын жетекчисинен мүмкүн болгон текшерүүлөрдөн коргоо үчүн 390 миң доллар алдап алган.
Ал 22-декабрда "Алдамчылык" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, ГКНБнын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Тергөө уланууда.
Рамис Джунусалиев 2023-жылы Кыргызстандын кок-бору федерациясын жетектеген. 2024-жылы анын ордуна Курманкул Зулушев, андан кийин Айбек Абылкасымов келген. Кейинчерээк Джунусалиев кайрадан федерациянын президенти болуп кайтып келген.