
Окуяны иликтөө жүрүп жатат
«Тазалык» МПнын үч кызматкери БЧКда трагедиялык окуяга учурашты. Бул тууралуу шаардык администрация билдирди.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, эркектер Ауэзов көчөсүндө жайгашкан участканы тазалап, таңкы саат 8-8:30 чамасында үйүнө кайтып баратканда техникалык каналга түшүп кетишкен.
Окуя болгон жерге мэр Айбек Джунушалиев келип, окуяны терең иликтөөнү тапшырды.
Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө мэриянын резервдик фондунан жана ишкананын профсоюз комитетинин финансылык каражаттарынан жардам көрсөтүлөт.
Сүрөт www