
Бүгүн шаардык «Тазалык» мекемесинин кызматкерлери Ауэзов көчөсүндө тазалоо иштерин аяктап, үйүнө бара жатып, таңкы саат 8:00-8:30 чамасында техникалык каналга түшүп, трагедиялык түрдө каза болушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Бишкек мэри Айбек Джунушалиев окуя болгон жерге тез арада жетти. Ал кырдаалды көзөмөлдөө жана кеңири териштирүү жүргүзүү боюнча көрсөтмө берди.
Мындан тышкары, жабыркагандарга резервдик фонддон жардам көрсөтүү чечими кабыл алынды, ошондой эле «Тазалык» профсоюз комитетинин каражаттарын тартуу пландалууда.
Учурда бул окуянын жагдайларын териштирүү жүрүп жатат жана зарыл болгон иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Шаар башчысы кырдаалды жеке көзөмөлгө алды.