
Мэр Айбек Джунушалиевдин буйругу менен Чингиз Айтматов проспектиндеги өрттөн жабыркагандарга биринчи кезектеги жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Бардык жабыркагандар убактылуу базага жайгаштырылып, жашоо үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыздалды. 22 үй-бүлөгө мэрдин резервдик фондунан 50 миң сомдон которулду.
Мэрияда жоголгон батирлер үчүн компенсация мыйзамдар менен жөнгө салынарын жана мамлекеттик камсыздандыруу механизмдери аркылуу ишке ашырыларын белгилешти. Жабыркагандардын арасынан беш батир камсыздандырылган, алардын ээлери белгиленген нормаларга ылайык компенсация ала алышат.
Мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Первомай районунун башчысы Сарылбек уулу Улан жабыркагандар менен жолугушууларды өткөрүп, аларга арыз берүү, жардам алуу жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү тартибин түшүндүрүштү.
Учурда жабыркаган үй-бүлөлөр үчүн ар кандай колдоо варианттары каралууда. Жайгаштыруу, кошумча жардам чаралары жана мамлекеттик структуралар, анын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания менен өз ара аракеттешүү маселелери белгиленген тартипте талкууланат.