Маалымат кызматынын маалыматына ылайык, мелдешке райондун ар түрдүү мектептеринин окуучуларынан түзүлгөн командалар катышты. Турнирдин жыйынтыгында, жигиттер арасында да, кыздар арасында да, биринчи орунду Орловка шаарындагы №1 орто мектептин спортчулары ээлешти.
Кемин районунун окуучулары арасындагы турниринин жыйынтыктары
Жигиттер арасындагы жыйынтыктар:
1-орун — Орловка шаарындагы №1 орто мектеп
2-орун — Кызыл-Суу айылынан команда
3-орун — Кызыл-Октябрь айылынан команда
Кыздар арасындагы жыйынтыктар:
1-орун — Орловка шаарындагы №1 орто мектеп
2-орун — Боролдой айылынан команда
3-орун — Кызыл-Суу айылынан команда.