УВДнын басма сөз катчысы Назгүл Иманбаева билдиргендей, окуя тууралуу сигнал милицияга таңкы саат 9:02де түшкөн. Башында Ауэзов көчөсүндөгү Чүй каналына эки эркектин батып кеткендиги тууралуу маалымат берилген.
Окуя болгон жерге Свердлов районунун РУВДсынан тергөө-оперативдик топ жөнөтүлгөн. Тергөө учурунда үч эркектин батып кеткендиги аныкталды:
- Ж.Ч., 1988-жылы туулган;
- Ж.Т., 1966-жылы туулган;
- Ж.Ж., 1963-жылы туулган.
Каза болгон 37 жаштагы эркектин денеси табылды. Калган эки адамды издөө иштери уланууда.
Свердлов районунун УВДсынан билдиришкендей, окуя боюнча бардык зарыл соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлөт. Учурда трагедиянын чоо-жайы аныкталууда.