
23-декабрда, болжол менен саат 21:00 чамасында, Кыргызстандын борбору Бишкекте, Боконбаев көчөсүндөгү батирде аял өлтүрүлгөн. Бул тууралуу шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
102 кызматына болгон окуя тууралуу маалымат келип түшкөндөн кийин, Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын тергөө-оперативдик тобу окуя болгон жерге жөнөп кетти. Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдары мурдагы жубайлардын ортосундагы конфликт ок атууга айланганын аныкташты.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 45 жаштагы У.Ж. менен 46 жаштагы У.Б.нын ортосунда ажырашуу боюнча сөз талаш болуп, эр киши катталган травматикалык МР-79 пистолетин колдонгон. Аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде көз жумган.
Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан дароо кармалды жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда тергөө уланууда.