
ГКНБнын маалымат кызматына ылайык, «Кыргыз көзү көрбөгөндөр жана кулагы укпагандар коомдоштугуна» таандык болгон кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз тартып алуу учурлары аныкталган.
Коррупциялык мыйзам бузууларды иликтөө учурунда, мурда коомдоштугуна таандык болгон жана Бишкек шаары, Б. Исакеев көчөсү, №1 үй дарегинде жайгашкан 1,0 га жер тилкеси бир нече бөлүккө бөлүнгөнү белгилүү болду.
«Пионер» курулуш компаниясы ушул жер тилкелеринин кээ бирлеринде көп кабаттуу үйлөрдү куруп чыккан.
Жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжасында мамлекеттик баланска жалпы аянты 499,08 квадрат метрди түзгөн цокольдук жайлар кайтарылып берилди.