




1-январь күнү кечинде борбордук Ленин районунда инцидент болду — көп кабаттуу имараттын бешинчи кабатындагы батирде өрт чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымат берди.
Өрт өчүрүү кызматтары 17:54тө окуя тууралуу сигнал алышкан. Окуя болгон жерге Первомай районунан 4-өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана 8-бөлүмдүн авто лестница кызматкерлери жөнөтүлгөн. От 18:25те локализацияланган.
Отту өчүрүү учурунда 20 адам имараттан эвакуацияланды. Жаракат алгандардын абалы тууралуу маалымат келген жок.